Акыйкатчы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Акыйкатчы – (швед. ombudsman – кимдир-бирөөнүн кызыкчылыктарынын өкүлү)–ар кыл административдик органдардын, айрым өлкөлөрдө – ошондой эле жеке адамдардын жана бирикмелердин адам укуктарын сактоолоруна көзөмөлдүк кылуу үчүн атайын шайланган (дайындалган) кызмат адамы.

Прокуратурадан айырмалуу көзөмөлдү жана тергөөлөрдү мыйзамдуулуктун гана тутумунан жүргүзбөстөн, ошондой эле натыйжалуулуктун, максатка ылайыктуулуктун, ак ниеттүүлүктүн, акыйкаттулуктун тутумдарынан да ишке ашырат. Мындай кызмат адамдарынын аталыштары да ар түркүн: Скандинавия өлкөлөрүндө – акыйкатчы; Испания жана Колумбияда – элдик коргоочу; Францияда – ортомчу; Румынияда – эл адвокаты. Акыйкатчы шайлануусу же дайындалуусу мүмкүн. Испанияда ал парламент тарабынан 5 жылга шайланат, Намибияда – президент, Францияда – Министрлер кенеши тарабынан дайындалат.

Дээрлик көпчүлүк өлкөлөрдө каалаган жарандардын баары Акыйкатчыга түздөн-түз кайрылууга укуктуу. Кемчиликтерди же кыянат пайдаланууларды табары менен, акыйкатчы аларды тийиштүү органга же кызмат адамдарына билдирет жана аларды четтетүүнү сунуштайт. Баш тарткан учурларда ал адилет сот органдарына же парламентке кайрыла алат. Акыйкатчы жарандардын арыздары боюнча эле эмес, өз демилгеси боюнча да аракет кылат. КРде мындай институт акыйкатчы, адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу деп аталат. КРде акыйкатчы болуп КРдин жараны шайлана алат. Акыйкатчы өзүнүн ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүндө, ошондой эле алар аяктагандан кийин 24 ай бою кол тийбестик укугуна ээ болот. Аны өзүнүн ой-пикирлерине байланыштуу, ошондой эле өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жасаган аракеттери үчүн кармоого болбойт, анын иши боюнча сот ишин ачууга болбойт, ага жаза-пул салынышы мүмкүн эмес, ал куугунтукка алынбайт, соттолбойт.[1]

Кыргызстандын Акыйкатчысы өлкөнүн Жогорку Кеңеши (парламенти) тарабынан шайланат.

Кыргызстандын алгачкы Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу болгон. Ал бул кызматты 2002-2008-жылдары аркалаган (2002-жылдын 13-декабрында ант берип, кызматка расмий киришкен).

2008-жылдын 14-февралында белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун бул кызматка шайланып, 21-февралда ант берип, ошондон бери Кыргызстандын Акыйкатчысы кызматын аркалап келет.

Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстандын Акыйкатчысы атуулдардын укугун коргоо жаатында бир катар иш-аракеттерди жигердүү жүргүзүп келди.


Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7