Акылбеков Искендер Кадырбекович

Википедия дан

Акылбеков Искендер Кадырбекович - (1954-ж. туулган, Фрунзе) - хирург, медицина илимдеринин доктору (1993), профессор (1998). КММИни (1978), СССР МИАнын докторантурасын бүтүргөн (1990). КММИде клиникалык ординатор, №3 БКОдо хирург, КММАда ассистент, проректор, ректор (1996-2004). УАК төрагасынын орун басары (2005-жылдан баштап). Илимий иштери түйүндүү богоктун пайда болушу жана лазер менен дарылоого арналган. Эмгектери: Узловые образования щитовидной железы (в соавторстве). Б., 2000; Новые аспекты лазерной терапии (в соавторстве). Б., 2000.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1