Акылдуу үй

Википедия дан

«Акылдуу үй» (англ. «smart home») – жогорку технологиялык түзүлүштөр менен жабдылып, автоматташтырылган заманбап үй. Мындай үйдүн артыкчылыгы – коопсуздук жана ыңгайлуулук. Акылдуу үй электрондук көрсөткүчтөрдөн түшкөн берилиштерди колдонуп, белгиленген чектерде автоматтык чечимдерди ишке ашыра алат. Мисалы, Интернет аркылуу аба-ырайын билип, ага жараша үйдүн ичиндеги температураны, нымдуулукту ж.б. көрсөткүчтөрдү өзгөртө алат.

Акылдуу үйдү башкаруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Акылдуу үйдүн» системин башкаруунун бир нече түрү бар. Системге туташкан сырттагы жана үйдүн ичиндеги бардык иштерди бир гана жерден башкарууга мүмкүндүк берет

  • Пульт аркылуу - Системге туташтырылган объектилерди бир эле пульттун жардамы менен аткарууга болот.
  • Сенсордук экран аркылуу - Системди башкаруу иши үйдүн кире беришиндеги дубалга орнотулган экран аркылуу башкарылат.
  • Үн аркылуу - Мунун артыкчылыгы – эч кандай башкаруучу экран же пульттун кереги жок, үндү бийик чыгаруу жетиштүү экенинде.
  • Белгиленген убакыт аркылуу - Системге туташкан иштердин мөөнөтү алдын ала туура белгиленет.
  • Интернет аркылуу- Кайсы жерде жүрсөңүз да, үйүңүзгө көз салып, системди башкарууга мүмкүн.
  • Уюлдук телефон аркылуу- Атайын орнотулган программанын жардамы менен үйдөгү системди ишке киргизүүгө жана өчүрүүгө жардам берет.

Эмнеси менен акылдуу?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Системге кошулган объектилердин ишин каалаган учурда мөөнөттүү иштөөсүн же өчүүсүн жөнгө салып турууга болот. Үйдө киши жок кезде жарыктын күндүз өчүп, түнкүсүн жанып турушун жана терезе пардалардын ачылып-жабылышын көзөмөлдөп турат, мунун өзү «үйдө адам бар» деген элес калтырат. Коопсуздук жагынан алганда, уурулардан сактайт. Газды же сууну бекитпей кеткен учурда үйдүн ичинде өрт же суу каптоо болуп кетүүнүн алдын алат.

  • Эшик, терезелер - Үйдө киши жокто бардык эшиктер, терезелер автоматтык түрдө бекитилип, сигнализация ишке кирет. Үй ээлери келген учурда эшик, дарбаза кайрадан бир гана буйрук берүү менен өзү ачылат. Эгер үйдө киши жокто эшик же терезе ачылса, дароо үй ээсинин чөнтөк телефонуна кабарланат.
  • Камера - Үй ээлери алыста жүргөн учурда камералардын жардамы менен үйдөгү абалды текшерип турууга мүмкүн.
  • Электрондук күзөтчү - Үйдө киши жокто кимдир бирөө кирүүгө аракет кылса, иттин үнү жазылган систем ишке кирет. Ал чоочун адам алыс кетмейинче үрүп тура берет.
  • Газ - Кээде газды өчүрбөй унутуп кетип, бөлмөгө газ толуп, коркунуч жаралган учурлар болот. Мына ошондо систем ишке кирип, газ түтүк буулуп, газ дароо токтотулат. Андан соң куткаруу кызматына жана үй ээсинин телефон номерине коркунуч тууралуу кабар жөнөтөт.
  • Суу - Үйдө суу каптоонун белгиси билинсе, суу келүүчү түтүк бекитилип, куткаруу кызматына жана үй ээсине кабарланат.
  • Жарык - Бардык жарык берүүчү лампаларды жөнгө салып, керектүү учурда жандырып, керексиз учурда өчүрүп турат. Үй ээлери жарыкты өчүрбөй уктап калса, ал түнү бою жанып тура бербестен, белгиленген мөөнөттө өзү өчөт.
  • Температура - Үйдүн ичиндеги температураны бир калыпта сактоо үчүн жылуулук жөнүндө кабарлап турат. Муну менен үйдүн ичи муздак болсо, буйрук аркылуу жылуулук берүүчү, ысып кетсе салкындатуучу электр приборлору ишке киргизилет.
  • Пардалар - Терезеге тагылган пардалар да бөлмө ичи караңгы болсо ачылып, ачуу тийген күндүн нуру бөлмөгө түз түшүп турган учурда жабылат.
  • Ошондой эле - Мындан сырткары сыналгы, үналгы, DVD , үй кинотеатры, чайнек, электр меши, кондиционер жана башкаларды алыстан туруп пульт же үн аркылуу башкарууга болот. Ошондой эле аквариумдагы балыктарга маал-маалы менен жем берип турса, бассейндеги суунун абалын текшерип турат. Ал эми эртең менен эрте, белгиленген убакта аудиоаппараттагы музыканы иштетип, ойготкуч сааттын кызматын аркалайт.

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жөнөкөй үйдү «акылдуу үйгө» айлантуу кызматы Кыргызстанга да жетти. Учурда Бишкек шаарындагы айрым фирмалар чет өлкөдөн үйдүн «мээсин» иштете турган ар кандай системдерди алып келип сатышууда. Алардын баасы да түрдүү. Мисалы, жарыктарды башкаруу үчүн түзүлгөн системдин баасы 20 миң сомдун тегерегинде турат. Ал эми электрондук кулпулоо, видеокөзөмөл, жарыкты жөнгө салуу жана пардаларды башкаруу бир системге туташтырылып, анын баасы 40 миң сомдун тегерегин түзөт.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]