Акыл аракеттеринин этаптар боюнча калыптандыруу теориясы

Википедия дан

Акыл аракеттеринин этаптар боюнча калыптандыруу теориясы – окуп үйрөнүү процессин окуучулардын таанып-билүү ишмердигин калыптандыруу катары карай турган, ишмердиктин коомдук пландагы тажрыйбадан жекече пландагы тажрыйбага айланып өтүшүнүн негизги этаптарын аныктоочу теория. Бул теориянын борбордук звеносу – белгилүү максатта ишке ашырылуучу аракет, мотив жана максат дал келишкен кезде маселени чыгаруу ишмердиги болуп саналат. Мисалы, эгерде окуучу адегенде колуна берген тапшырмаларды аларга эч кызыкпастан, жалаң окууга милдеттүү экендигинен гана жоопкерчилик сезиминин таасири астында же ал тапшырмаларды аткармайынча өзүнө кызыктуу болгон башка маселелерди түшүнүү сезими менен аткарса, анда бул тапшырмаларды чыгаруу процесси окуучу тарабынан аткарылган аракет болот. Бирок эгер кээ бир этапта бул тапшырмалар окуучуну кызыктырып калса, эгерде ал тапшырмаларга карата окуучуда таанып билүү кызыкчылыгы келип чыкса, анда ошол эле тапшырмаларды аткаруу процесси ал окуучу үчүн ишмердик болуп калат, анткени, мында мотив (муктаждык) максат менен дал келет.

Адамдын ар бир аракетинин багыттоо, аткаруу жана контролдоо бөлүктөрү болот. Багыттоо бөлүгү аракетти ийгиликтүү аткарууга керектүү шарттардын чогуусунан турат. Аткаруу бөлүгү аракеттин объектинде берилген өзгөртүүлөрдү камсыз кылат. Контролдоо бөлүгү аракеттин жүрүшүн текшерүүдөн келип чыккан натыйжаларды берилген үлгү менен салыштыруудан турат. Контролдоо бөлүгүнүн жардамы менен аракеттин багыттоо жана аткаруу бөлүктөрүнө зарыл учурда түзөтүүлөр киргизилет. Ошентип, адамдын ар кандай аракети башкаруунун өзүнчө бир микросистемасын элестетет. Бул системанын “башкаруучу органы” (аракеттин багыттоо бөлүгү), “жумушчу органы” (аракеттин аткаруу бөлүгү), “текшерүү жана салыштыруу механизми” (аракеттин контролдоо бөлүгү) болот.

Психологиялык жактан алганда окутуунун негизги максаты окуучуларды аракеттерге үйрөтүү болуп эсептелет. Ал эми аракеттин жалпыланып кыскартылган акылдык формага өтүшү бир катар этаптарда гана ишке ашат.

Бул теорияга ылайык ар кандай аракетти окуучу толук өздөштүрүп, аны өзүнүн өздүк ички акыл-аракетине айландырышы негизинен беш этапта ишке ашат.

  • 1-этапта окуучу үйрөнүлүүчү аракеттин максаты, анын обьекти, багыттоо системасы жөнүндө керектүү түшүнүк алат, аракетти аткаруунун шарттары менен үйрөнүлө турган аракетке кирүүчү операциялардын бардык үч түрү (багыттоо, аткаруу, контролдоо) кантип жана кандай тартипте аткарыла тургандыгы менен алдын ала таанышат. Бирок анын бул иши азырынча аракет боло албайт, ал бар болгону бул аракеттин логикасын түшүнүп, ийгиликтүү аткаруунун шарттары менен таанышуу гана болуп эсептелет.
  • 2-этапта окуучу үйрөнүлүүчү аракетти, кээ бир материалды (же анын моделин, макетин, схемасын, чиймесин) пайдаланып иштейт. Ошондуктан бул этап аракет калыптандыруунун материалдуу (же материалдаштырылган) түрү деп аталат. Бул этапта окуучу аракеттин мазмунун өздөштүрөт, ал эми мугалим аракеттин составына кирүүчү ар бир операциянын аткарылышын контролдойт.
  • 3-этапта ошол эле аракеттерди окуучу эч бир материалды (же анын моделин) пайдаланбастан катуу сүйлөп сөз формасында аткарат.
  • 4-этапта аракетти адам өз ичинен кайталап үнсүз (үн чыгаруусуз) өз ичинен айтуу катарында аткарат. Бул этаптагы аракет алдыңкы этаптагыдан айырмаланбагансып көрүнөт, бирок ал акыл формасына айланып, тез эле кыскарып автоматташа баштап, формула түрүндөгү аракетке айланат.
  • Дал ушул моменттен баштап аракет жыйынтыктоочу эң акыркы 5-этапка – аракеттин калыптанышынын ичтен ойлонулуп айтылуучу этабына өтөт. Бул этапта аракет эң эле тез автоматтык агымга айланып, окуучунун өзүнө байкалбай кала баштайт.

Мына ошентип, окуучунун психикалык ички акыл-аракети тышкы, материалдык аракеттин бир нече этапта өзгөрүлүшүнүн продукту болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97