Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр

Википедия дан

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр - Акы төлөнүүчү рыноктук тейлөөлөрдү чарба жүргүзүүчү субъектилер, б.а., экономикалык ишмердиктин негизги түрү менен алектенген жана тейлөө көрсөтүү чөйрөсүндө менчиктин формасына көз карандысыз ишмердигин ишке ашырган ишканалар (юридикалык жактар) жана жеке ишкерлер (жеке адамдар) көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча мамлекеттик Классификаторлоруна (ЭИМК) ылайык рыноктук тейлөө көрсөтүү боюнча экономикалык ишмердиктин негизги түрлөрүнө соода, автомобилдерди, турмуш-тиричилик буюмдарын жана жеке керектелүүчү нерселерди оңдоо, мейманканалар жана ресторандар.

Транспорт жана байланыш, финансы ишмердиги, кыймылсыз мүлк операциялары, ижара жана керектелүүчүлөргө тейлөө көрсөтүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөөлөрдү көрсөтүү, коммуналдык, социалдык жана жеке тейлөөлөрдү көрсөтүүлөр кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9