Ак-Бейит эстеликтери

Википедия дан

Ак-Бейит эстеликтери – Ат-Башыдагы Арпа өрөөнүнө өтүүчү Ак-Бейит ашуусунда, деңиз деңгээлинен 3286 м бийиктикте жайгашкан байыркы, орто кылымдарга, ошондой эле 17-18-кылымга таандык көрүстөндөрдөн, күмбөз жана мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. Орто кылымга (13-14-к.) таандык күмбөз тегерек формада болуп, жан-жактарына эшик сыяктуу анча байкалбаган кырлар жасалган. 17-18-кылымда курулган бул күмбөз - архитектуранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет. Күмбөздүн аты менен ашуу Ак-Бейит деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1