Ак-Койлуу

Википедия дан

Ак-Койлуу (түрк. - Ак-Коюнлу) - 14-15-кылымда Тигр дарыясынын баш жагындагы жерлерди мекендеген огуз-түрк урууларынын бирикмеси жана ошол бирикменин башында турган династиянын аталышы. Ак-Койлуулар тууралуу алгач 1340-ж. Византия хроникаларында эскерилет. Узун-Хасандын тушунда (1453-78) Кара-Койлуулар мамлекетин талкалап (1468), Арменияны, Азербайжанды, Батыш Иранды, Иракты басып алып, борбордук Тебриз шаары болгон мамлекет түзгөн. Ак-Койлуу мамлекетинин эл аралык саясатта кадыр-баркы жогорулап, 1463-ж. Венеция, Рим папасы жана Венгрия Ак-Койлуу менен Осмон империясына каршы союз түзүшкөн. 15-кылымдын аягында өлкөнүн ичиндеги жер ээлеринин өзара согуштары, элдин нааразылыгы Ак-Койлуу мамлекетин начарлаткан. 16-кылымдын башында Исмаил Сефеви башында турган кызыл баштар (көчмөн түрк уруулары) Ак-Койлуу мамлекетин талкалап, каратып алышкан жана Исмаилди шах көтөрүшүп, Сефевиддер мамлекетин негиздешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1