Ак-Кыя көрүстөнү

Википедия дан

Ак-Кыя көрүстөнү - 1-5-кылымга таандык байыркы көрүстөндөр тобу. Нарын облусунун Ак-Талаа районунан табылган. 1-көрүстөн Ак-Кыя жана Көк-Жар айылдарынын ортосунда; 4 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3-0,6 м, диаметри 6-8 м. Үстү томпок сымал. 2-көрүстөн Ак-Кыя айылынан чыга бериште жайгашкан; 4 таш дөбөмүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1-0,5 м, диаметри 6-12 м. 3-көрүстөн Ак-Сай айылынан 500 м чыгышта, 16 таш дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1-1 м, диаметри 7-13 м. 4-көрүстөн үчүнчү көрүстөндүн 400 м түндүк жагында; 12 мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3-0,9 м, диаметри 7-10 м. 5-көрүстөн Ак-Кыя айылынан 3-4 км чыгышта, Нарын дарыясынын оң өйүзүндө; 10 таш дөбө-мүрзөдөн турат. Айыл чарба иштеринин натыйжасында көбү түзөлүп калган. Көрүстөндөрдү 1983-ж. М. И. Москалёв тапкан. Археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1