Ак-Суу гранитдиорит кени

Википедия дан

Ак-Суу гранитдиорит кени Чүй облусунун Москва районундагы Беловодский кыштагынан 38 км түштүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Ак-Суу өрөөнүндө. Кен аймагында силур мезгилинде жиреп чыккан гранит-диорит жана диорит интрузия тектери жатат. Алардын жер бетине чыгып жатышы 3 кмге созулат. Гранит-диорит менен диорит орто, чанда ири кристаллдуу түзүлүштө, өңү ачык боз, жашыл сымал боз. Табигый жаракалуу, алар боюнча 0,5–2 м3 көлөмдөгү блокторго жакшы ажырайт. Жеңил иштетилип, оңой кесилет. Физикалык-механикалык касиеттери боюнча көркөм кооз таштарга болгон талаптардын бардыгына жооп берет. Архитектура курулмаларына, имараттардын дубалын кооздоп каптоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]