Ак-Суу (Григорьевка) жарым аралы

Википедия дан

Ак-Суу (Григорьевка) жарым аралыЫсык-Көлдүн түндүк жээгинин орто бөлүгүндө жайгашкан. Көлгө 5 км кирип турат. Негизи 26 кмге созулган (Корумду - Ананьев сызыгы боюнча) трапецияны элестетет. Жээк сызыгынын узундугу 21,9 км. Көп бөлүгү Чоң Ак-Суу, Ак-Суу, Тегирменти, Карачан сууларынын шиленди конустарынан түзүлгөн жантайыңкы аккумуляцпялык-пролювпй түздүгү. Орто бөлүгүн Чоң Ак-Суу, Ак-Суунун терең сайлары (туурасы 0,3-1,5 км) ээлейт. Голоцендик тектирлердин жазылыгы 0,4-1,8 км; чыгышы Чоң Ак-Суу колтугуна чейин саздак, кум жалчаларынан турат; батышы таштак. Чоң Ак-Суу колтугунун төр жагы кум жайылып, тайыздап бараткандыктан, ал кеме токтоочу жай катары маанисин жоготууда. Анын жээгинде Григорьевка кеметурагы, кыштак, балык комбинаты, күйүүчү-майлоочу май базасы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1