Ак-Суу (жарташ) минералдуу суусу

Википедия дан

Ак-Суу (жарташ) минералдуу суусу дарыланалууга жана ичүүгө жарамдуу суу булактары.Чүй облусунун Жайыл районунда, Жарташ суусунун куйган жеринен 7 км жогору, Бишкек шаарынан 100 км түштүк-батышта жайгашкан. 1960-ж. геол. изилдөө жүргүзүлүп, дарылык касиети аныкталган. Булактары ордовик мезгилинде пайда болгон кара түстүү сланец катмарларын аралап, тектоникалык жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Суу муздак (7 - 14°С), тунук, чала кычкыл (рН 5,5–5,9) келип, курамы гидрокарбонаттуу жана кальций-магнийлүү. Суунун негизги дарылык фактору-натрий жана магний туздарын түзгөн гидрокарбонат иону. Анын суудагы өлчөмү 0,8–1,5 г/л. Суу ашказан, боор, өт, ичеги-карын ооруларына даба болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]