Ак-Учук, айыл (Кочкор району)

Википедия дан

Ак-Учук айылы - Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун түштүк-батышында жайгашкан кыштак.

Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Учук айылы 20-кылымдын 20-30-жылдарында отурукташкандар тарабынан негизделген.

Мурда "Чолпон" совхозунун үчүнчү фермасы болгон.

1992-жылы совхоз жоюлуп, айыл өз алдынча болуп, "Чолпон" айыл аймагына караштуу Ак-Учук айылы болуп калды.

Кыштакта болжол менен 300 түтүн калк жашайт.

Айылда Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектеп бар. Анда 400гэ жакын окуучу таалим алат.

Айылда мурда клуб, ФАБ (фелдшер-акушердик түйүн), мончо, кырман болгон.

Пост-советтик доордо жума мечит курулган.

Чокулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Учуктун жанындагы эң бийик чоку - Баба-Ата чокусу. Ал деңиз деңгээлинен 4200 м бийик.

Ага дээрлик теңтайлаш чокулар - Жар-Корумду, Корумду, Мазар-Зоо, ж.б. чокулар.

Башка да дөңсөөлөр бар.

Айылдын жайлоолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Учук айылынын тургундары Кочкор өрөөнүндөгү Туздун төрү, Корумду, Баба-Ата, Май-Төр, Кыз-Арт, Чаар-Арча жайлоолоруна, андан тышкары Нарын облусунун төрт районуна караган Соң-Көлдүн түндүк-чыгыш өңүрүндөгү Жаман-Эчки, Ак-Таш ж.б. жайлоолорго мал чыгарат.

Кыштоолору: Узун-Булак, Ак-Чий, Тешик-Таш, ж.б.

Суу, өзөндөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Учуктун аймагында Чалай өзөнүнөн аккан суу Тик-Булак, Узун-Булак, Тешиктин Ою, Баба-Ата сууларын өзүнө кошуп, андан ары Чалай суусу Сөөктүн сайына келип, Сөөк суусуна кошулат.


Сөөк суусу Чүй дарыясынын башатына келип кошулат.

Корумдунун чоң суусу Ара-Көл суу сактагычы аркылуу өтүп, андан ары Төлөк суусуна куюлат. Төлөк суусу да Чүй суусуна кошулат.



Айылдан чыккан белгилүү инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Учук айылынан мамлекеттик кызматкерлерден Ороз Жаманбалин (1930-40-жж.), Бейшеке Кебекбаев, Мелис Иманалиев, ж.б. саясатчылар, жетекчилер чыккан.

Окумуштуулардан экономика илимдеринин кандидаты, профессор Бакас Осмонов, саясат таануу жана тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов, экономика илимдеринин доктоору, профессор Төлөн Камчыбеков, бир катар илимдердин кандидаттары (Мырзабек Буржуев, Болот Акматов, ж.б.), Ак-Учук айылында туулуп-өскөн.

Айылдан чыккан Кыргыз ССРине эмгек сиңирген мугалим, маркум Асыранбек Мааткеримов баштапкы класстардын мугалими болгон.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]