Ак Сарай эстелиги

Википедия дан
Ак Сарай эстелиги.

Ак Сарай эстелиги - Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Шахрисабз шаарында жайгашкан. Пайдубалы 1380-ж. түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеңишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, ошондой эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395 - 5.10. 1396)» деген жазуулар бар. Ак Сарайдын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-ж. Ак Сарайда Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-ж. Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо Ак Сарайдын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. Ак Сарай мамлекеттин жана ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1