Ак бaштуу өрдөк

Википедия дан
Aк бaштуу өрдөк.
Oxyura leucocephala

Aк бaштуу өрдөк (лат. Oxyura leucocephala, Scopoli, 1769):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк Африка, Түштүк Европа, Алдынкы жана Орто Азияда, Казакстанда, Түштүк Сибирде уялайт. Иранда, Пакистанда, Индияда жана Жер Ортолук деңизде кыштайт, бул жерлерде мүмкүн отуруктуу. Кыргызстанда сейрек түр. Акыркы жылдары Сорбулак көлүндө ( Алматыдан алыс эмес жер), Чыгыш Казакстандын көлмөлөрүндө жазгы жана күзгү учуп өтүшү Ысыккөл ойдуңу жана Чүй өрөөнү аркылуу өтөт деген болжол бар.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жээктери камыш, жекен өскөн көлмөлөргө учуп өтүүдө токтошот. Акыркы жылдары аны суусактагычтарда байкашкан.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосуна чейин анын саны азайган . Кыргызстанда бирин-серин кездешкени белгилүү. Бирок, акыркы жылдары көпчүлүк орнитологдордун байкашына караганда чор тумшук өрдөк учуп өтүшүндө көп санда – 100дөн 4500гө чейин болгону белгилүү.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балык улоодо жашаган жерлеринин начарлашы, көлмөлөрдүн айланасындагы камыштарды өрттө, аңчылык кылуу.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо көбөйтүү жана зоопарктарда багуу боюнча маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1985-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Бул түр жаратылышты коргоонун эларалык бирикмесинин тизмесине киргизилген, себеби бүт ареалдар боюнча анын саны кескин кыскарган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чор тумшук өрдөктүн учуп өтүү убагында Чүй өрөөнү жана Ысыккөлгө жакын жерлердеги көлмөлөрдө жазгы аңчылыкка тыюу салуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

IV категория, Endangered, EN, 2bcde. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]