Ак деңиз пактысы

Википедия дан

Ак деңиз пактысы - Муссолининин буйругу менен Италиянын аскердик күчү 1935-жылы Эфиопияга чабуул коюп, Ак деңиздин жээгинде коркунучтуу согуштук абал жаратканда, Англия басып алуу коркунучуна кириптер болгон өлкөлөрдүн ичинен Югославия, Греция жана Түркияга кепилдик берип, Италиянын соккусуна кабылган кезде жардам берүүгө убада кылган.

1936-жылдын башында жогорудагы өлкөлөр тарабынан кабыл алынган жана Англияга каршы өз ара кепилдиктердин берилиши менен түзүлгөн бул система «Ак деңиз келишими» деп аталат. Учурда Ак деңизге америкалык алтынчы флоттун келиши жана Россиянын да бул деңизге үзгүлтүксүз кемелерин жөнөтүүсү жээктеги өлкөлөрдү тынчсыздандырууда. Ушуга байланыштуу деңизге тиешеси жок өлкөлөрдүн флотторун алып кетүү жана Ак деңиздин коопсуздугун камсыз кылуу максатында 22 деңиз жээгиндеги мамлекеттердин ортосунда дагы бир «Ак деңиз келишимин» түзүү пландаштырылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9