Ак жем

Википедия дан

Ак жем - алгыр кушту табында кармап туруу үчүн берилүүчү атайын даярдалган жем. Жаш этти жанчып, муздак сууга кан-сөлүн кетирет. Мүнүшкөрлөр аны «шалап» же «жуумал» деп да атайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1