Мүнүшкөр

Википедия дан
Мүнүшкөрлөр

Мүнүшкөр – аң жана илбээсин алдырыш үчүн алгыр куштарды таптоочу адам. Мүнүшкөр алгыр кушту тор жайып, тузак тартып, кылтак салып кармайт же темир канат балапан кезинде уядан алат. Андан соң чолок жана узун боо тартып, томого кийгизет, туурга кондурат. Кушту адегенде узун боо менен учуруп, табына келгенде семиртип түлөтөт. Андан кийин кушту ак жем менен багып, бош тартылган арканга кондуруп, уктатпай арыктатат. Куш жеңил учуп жана конуп калганда аны аңга салат. Мүнүшкөрлүктүн эң жетиги жана барктуусу – бүркүтчү. Бүркүтчү балапан бүркүттү колдон жем жегенге жана үндөккө келгенге үйрөтөт; туурга отуруп калганда ага томого кийгизип, узун боо тагат, аны колго конууга машыктырат; учууга жарагандан кийин чырга тартат. Түлкү, карсак сыяктуу аңдардын терисине кан бүркүлгөн этти ороп, чолок боо менен сүйрөп жүрүп жегизет; жаш бөлтүрүк, түлкүнүн күчүгү, бөжөк сыяктуу аңдарды тирүүлөй чокутуп оозандырат. Кармалып калган бүркүткө томого салып, аны кермеге (бош тартылган арканга) кондурат; уйкудан жүдөтүп, ач кармайт. Ушундай жагдайда багылган бүркүт бир нече күндөн кийин эпке келип, жем тартат, чакырганга келе баштайт, 50–60 күндөн кийин кадимкидей аңга салынат. Аңга салынчу бүркүт табыттуу, сергек болушу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.