Ак куйруктуу суу бүркүт

Википедия дан
Haliaeetus albicilla
Haliaeetus albicilla groenlandicus

Ак куйруктуу суу бүркүт (Haliaeetus albicilla), (Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүккө карай Колңск жарым аралга чейин, Евразиянын жарымынан түштүктү көздөй Орто Азия жана Монголияга чейин жетет . Кыргызстанда Чүй өрөөнү менен Ысыккөлдө жана Түштүк Кыргызстандын сууларында кездешет .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балыктарга жана сууда сүзүүчү куштарга бай, уя салууга ыңгайлуу, бийик бак-дарактары же жарлары бар көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиздердин жээктери .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республика боюнча болгону 25-30 особго чейин кыштайт.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кышташ үчүн гана учуп келет. Уясында 1ден 4кө чейин жумуртка, аны 35-40 суткада басып чыгарат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көлмөлөрдүн жээктерин чарбага пайдалануу, азыгынын жетишпестиги, түздөн-түз кырып жоготуу.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колго багып көбөйтөт .

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда алынган аңчылыктын эрежесине ылайык атууга тыюу салынган. «Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп бара жаткан түрлөрдү соода-сатык кылуу боюнча эларалык конвенциясынын» 1-тиркемесине киргизилген .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыштоочу жерлерин сактоо, коргоо. Массалык маалымат каражаттары аркылуу түрдү коргоо боюнча пропаганда жүргүзүү. Колго багып көбөйтүү боюнча питомникти уюштуруу.Кыштоочу жерлеринде чыныгы санын аныктоо жана жем берүүнү уюштуруу. Чектөөчү факторлорду изилдөө.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VI категория, Nearly Threatened, NT. Саны азайып бара жаткан сейрек кездешчү куш. Дүйнөлүк фаунанын суубүркүттөрүнүн 8 түрдөн бир түрү жана Кыргызстандын фаунасынан 2 түрдүн бирөө. Номинативдүү түрчөсү кыштайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]