Ак куу (топ жылдыз)

Википедия дан
Аккуу топ жылдызы.

Ак куу – Түндук жарым шаардагы топ жылдыз. Ал асман сферасында учуп бара жаткан Ак кууну элестетет. Анын өтө жарык жылдызы Денеб. Денеб жылдызына катарлаш b жылдызы, ага туташ “Түндүк Америкадиффузиялык тумандуулугу жайгашкан. Ак куу топ жылдызынын аймагында дагы эки газ тумандуулугу, ошондой эле көптөгөн кош жылдыздар кездешет. Ак кууда рентген нурлануусунун эки булагы байкалган, булактын бири кара көңдөй менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул топ жылдыз КМШнын аймагынан жаздын акырында, жайында жана күзүндө көрүнөт. Ак куудагы жаркырак үч жылдыз элибизде Үч аркар деп аталат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Астрономия: Энциклопедиялык окуу куралы" Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек - 2004.