Ак маңдайдай пиретрум

Википедия дан

Ак маңдайдай пиретрум (лат. Pyrethrum leontopodium, (C. Winkl.) Tzvel) - Бийиктиги 3-15 см чейин жеткен көп жылдык өсүмдүк. Өтө жыш, темгилдүү безчелери анча билинбеген, булалангандыктан жалбырактарынын жалпы түзүлүшү байкалбастан, агыш болуп көрүнөт. Тамыр моюнчасындагы тамырларынын узундугу 4 см ге чейин, туурасы 1,5 см, узун, түбү жоон саптуу, жалбырагы сүйрү же ылдый караган жумурткадай, эки ирет ( кээде үч ирет) канаттай тилкелүү, акыркы бөлүктөрү сызгычтай-ланцеттүүдөн сүйрүгө чейин, узуну 1 мм ге жетет, учтугуй же учу жок. Сабактагы жалбырактары кичирээк жана анча тилкелүү эмес, сапсыз. Гүлдөрү себеттей топ гүлгө чогулган. Гүл коргону бирден, узун келген жыш кийиздей ак түктүү гүл саптуу. Ороочторунун диаметри 10-20 мм.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июлң-августта гүлдөп, август-сентябрда мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарбагатай, Жунгар Алатоосу, Тянңшанң, Памир-Алай. Кыргызстанда – Күңгөй, Тескей Алатоо, Фергана, Кыргыз тоо кыркалары, Сарыжаз жана Кайыңды сууларынын бассейниндеги тоолор.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суулардын өзөнүндөгү майда шагыл-таштар, мореналар, таштуу бийик тоо алкактарындагы беттер.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциялары аз санда.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мал жайып, гүлүн үзүп-чогултуу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коргоого алынган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр кездешкен аймактарды коргоп, анын популяцияларын санын иликтеп, гүлүн чогултууга тыюу салуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V U . Эндем түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]