Ак падыша

Википедия дан

Ак падыша (Романовдордун сулалеси башкарган учурдагы Россия императорлорунун кыргызча жалпы аталышы) — эпизоддук кейипкер. Радлов жазып алган вариантта гана айтылат. Эпосто «Ак падыша мени аркалап турган соң маа урушаар киши жок болгон» (Радлов жазып алган вариант, 64) деген Манастын сөзү, Көкчө менен урушкандан кийин Манас «ак падыша менен кеңешем» деп үч ай кеткени айтылуу менен бирге Манас баатыр А. п. менен сый, кеңештеш мамиледе болгон деген ой берилет. «Манас орусту жоолоп келген жок» (Радлов жазып алган вариант, 62). Манас А. п. менен кеңештеш болуп, Манаска орустан бөлөк журттун баары баш ийип турду деп айтылат. Айтуучунун Манасты орус эли жана А. п. менен тынчтык маанайда жашаган баатыр катары көрсөткөнүнө В. Радлов да көңүл бөлгөн: «Мында падышанын эске алынышы менин катышып отурганыма байланыштуу болду. Ырчы Манастын орустарды жеңгенине орус чиновниги нааразы болушу мүмкүн деп ойлоп, менин көңүлүмө жаккандай өзгөртүү киргизди» (Радлов жазып алган вариант, 13),— деп белгилеген. Манасчынын угуучуга карата эпостун окуяларын кандайча өзгөртөрүн байкаган: «Бул шарт ырчы өзүнүн угуучуларына кандайча көңүл бурганын көрсөтөт» (Радлов жазып алган вариант, 13 — 14). Манас А. п-га келип:
Каапырдын журтун какшатамын
Ачууланба падышам!
Кызыл баш журтун кырамын
Ачууланба Манаска!
Кокондун журтун коркутамын,
Ындынын журтун ыйлатамын,
Ачууланба Манаска (Радлов жазып алган вариант, 72),— дейт.
А. п. менен акылдашып Манастын орустан башка элдерди чаап, мал-мүлкүн олжолоп алуу идеясы падышалык орус баскынчыларынын сырткы саясатына, Кокон кандыгынын жана жергиликтүү феодалдык бийлөөчүлөрдүн баатырдык, эрдик жөнүндөгү түшүнүк, көз караштарына туура келген. Бирок, эпостун жалпы элдик идеясына жат көрүнүш катары кийинки эпизоддордо өнүктүрүлбөйт, эпос аткарылган учурга ылайык айтылган декларация бойдон кала берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4