Ак төштүү карабоор
Ак төштүү карабоор (Pterocles alchata), (Linnaeus, 1758):
Жалпы жана өлкөдө таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түштүк Европа, Кичи, Алдынкы жана Орто Азия. Кыргызстандын территориясында Нарын областында жана Атбашы дарыясынын жайылмасында учуп өтүү мезгилинде гана кездешет .
Жашаган аймактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Башка кара боорлорго караганда кумдуу жерлер менен көбүрөөк байланышкан. Көпчүлүк учурда чополуу жана шор жерлер менен кезектешип турган дөңдүү кумдарда жашайт. Сууга жакын жерлерде уялайт
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Так маалымат жок, бирок бардык жерде аз санда. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жазда марттын аягында апрелдин башында кездешет. Колония болуп уялайт, уясын кумдуу дөңдүн жантаймасында же чополуу жерлерде, көбүнчө өсүмдүктөрдүн көлөкөсүндө салышат. Бир басканга 2-3 жумуртка тууйт. Ата-эне экөө тең 21-23 күн басышат. Балапандары чоңойгондо үйбүлөлөр чогулуп көчүшөт
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Изилденген эмес.
Көбөйтүү (колдо багуу)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атайын коргоо иш-аракеттери иштелип чыккан эмес.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түрдү коргоону пропагандалоо.
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]VI категория, Near Threatened, NT: R Аз сандуу түр, аз изилденген. P.a.caudatus ( S.G. Gmelin, 1774) түрчөсү кездешүүдө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2