Ак эрмен

Википедия дан

Ак-эрмен — топоним. Алмамбет Көкчөдөн кетип, капаланып келатып, уясын коргоймун деп кайра-кайра жолун торогон ызгычты атып түшүрүп, ага жалгыздыгы жөнүндө арманын айткандан кийин анын сынган канатын дарылап: «Үйүңдү тап деп жаныбар, уяңда балаң дагы бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 299),— деп учуруп жиберген жер. Чүй өрөөнүндө Ашмарага жанаша жаткан өзөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4