Алабата

Википедия дан
Алабата
Илимий классификация
уруусу: Шакардуулар
түрү: Алабата

Алабата (Atriplex) — шакардуулар уруусундагы бир же көп жылдык бадал сымал өсүмдүк.

Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Топгүлү машак, бир жыныстуу, аталык гүлү 5 муунактуу, энелик гүлүнун көбү жан- жалбыраксыз. Мөмөсү бир уруктуу.

Уругу шамал, суу аркылуу таралат. Алабатанын 225 түрү белгилүү, андан 33ү КМШда, 10дон ашыгы Кыргызстанда өсөт. Кыргызстанда татар Алабата, бутактуу Алабата, жылтыр Алабата — көп тараган отоо өсүмдүктөр. Алар көбүнчө жол боюна, короо четине, кемерге, огороддо, ээн жерде, бак-арасында пахта плантациясында өсөт. Алабатаны күзүндө жана кышында төө, кой, эчки жакшы жейт. Жайкысын ууктурушу мүмкүн. Каршы күрөшүү чаралары: даны ката электе чаап салуу, үрөндү тазалоо, айдоо аянтын жумшартуу.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-002-4