Алакен

Википедия дан

Алакен - кырк чоронун бири. Алымшаанын уулу, Албан уруусунан. Чоролордун ичинен көзгө атаар мергени катары айтылат. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандоо расиминде аты сегизинчи келип, нөөкөр кыз Өкүмканга үйлөнөт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы. “Мурас” илимий-пропагандалык ишкер долбоору Бишкек, 1995.