Аламанов Баян

Википедия дан

Аламанов Баян - (1915, Чүй облусу, Кант району, Бирлик айылы - 1985, Фрунзе) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1978). Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун (1932), КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1951). Жалал-Абад, Ысык-Көл обкомунун биринчи секретары, Кыргызстандын профсоюздар советинин председатели, Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институтунун директору, Кыргыз ССР ИАнын экономика институтунун сектор башчысы. Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикасы боюнча адис болгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Экономика овцеводства Прииссыкуля. Ф., 1960; Воспроизводства основных фондах в колхозах Киргизской ССР. Ф., 1979.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1