Аламүдүн каскады

Википедия дан

Аламүдүн каскады - Батыш Чоң Чүй каналында жайгашкан, өткөрүмдүүлүгү 60 м3/с болгон 8 суу электрстанциясы. Алар төмөнкүлөр: Кичи Аламүдүн (1929-ж. ишке киргизилген, 400 кВт), Лебединовка (1943-1945, 2600 кВт), Аламүдүн-1 (1956, 2200 кВт), Аламүдүн2 (1949, 2500 кВт), Аламүдүн-3 (1951, 2140 кВт), Аламүдүн-4 (1953, 2140 кВт), Аламүдүн-5 (1957, 6400 кВт), Аламүдүн-6 (1958, 6400 кВт). Каскаддын аныкталган жалпы кубаттуулугу - 29,78 миң кВт. Кыркадагы бардык электр чордондор бири-бири менен жана Кыргыз энергетикалык системасы менен чыңалуусу 35 кВт электр тармагы (сеть) аркылуу байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1