Лебединовка ГЭСи
Лебединовка ГЭСи | |
ГЭСке суу берүүчү каналдын бир бөлүгү | |
Өлкө | |
---|---|
Жайгашкан жери | |
Дарыя |
Батыш Чоң Чүй каналы |
Менчик ээси |
«Чакан ГЭС» ААК |
Макамы |
иш үстүндө |
Курулуп башталган жылы | |
Агрегаттарды ишке берүү жылдары | |
Ишке берилген | |
Иштеткен мекеме |
«Чакан ГЭС» ААК |
Негизги мүнөздөмөсү | |
Жылдык электр энергиясын өндүрүү |
65 млн кВт/с млн кВт/саат |
Электр кубаттуулугу, МВт |
7,6 мВт |
Жабдуулардын мүнөздөмөсү | |
Турбиналардын саны жана маркасы |
1xASEA, 1xAT-IGF |
Турбиналар аркылуу агымдын чыгымы, м³/с |
7 |
Негизги курулуштары | |
Бөлүштүрмө түзмөгү |
6кВт |
Кошумча маалыматтар | |
Сайт | |
Картада | |
Лебединовка ГЭСи Аламүдүн ГЭСтер каскадынын биринчи баскычы болуп саналат Ал Бишкектен Аламүдүн-1 кичи районунун чыгышында Батыш ЧЧКда жайгашкан[1]. Станция эки кезекте курулган: биринчи гидроагрегат 1943-жылы, экинчиси 1948-жылы ишке киргизилген. Бул чакан ГЭСтин долбоору «Гидропроект» институтунун Орто Азия бөлүмү тарабынан иштелип чыккан.
Бул дарыянын табигый нугундагы суунун басымы 26,8 м, суунун эсептик чыгымы 40 м3/с болгон режимде иштеген чакан ГЭС жана төмөн басымдуу станция болу саналат[2].
Станцияда эки агрегат орнотулган:
- №1 агрегат. Швецияда өндүрүлгөн ASEA түрүндөгү горизонталдуу жайгашкан, кубаттуулугу 3,6 мВт болгон агрегат.
- №2 агрегат. General Electric (АКШ) фирмасы тарабынан өндүрүлгөн AT-IGF түрүндөгү вертикалдуу жайгашкан, кубаттуулугу 4 мВт болгон агрегат. Турбиналары радиалдык-октук типте (Френсис турбиналары).
Лебединовка станциясы Аламүдүн ГЭСтер каскадынын курамына кирген сегиз станциянын ичинен эң маанилүүсү болуп саналат, ал эң чоң орнотулган кубаттуулук жана эң жогорку натыйжалуулук коэффициенти менен мүнөздөлөт. Станция сугат суунун толук көлөмү өткөн негизги сугат каналында жайгашкандыктан, станция сугат мезгилинде максималдуу кубаттуулукта, ал эми кыш мезгилинде суунун келишене жараша орнотулган кубаттуулуктун 60-80% иштейт[2].
Сугат суусунун бул максатта аз чыгымдалышынан ГЭСтин иштеши көз каранды эмес. Сугатга болгон суунун эң аз көлөмү, станциянын иштеши үчүн керектелген чыгымдан (7 м3/с) бир нече жогору.
Лебединовка ГЭСинин долбоордук орточо көп жылдык электр энергиясын иштеп чыгуусу 65 млн. кВт/саатты түзөт[2].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Чакан ГЭС. Карта ГЭС. Текшерилген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 27 -май (бугу) 2024.
- ↑ 2.0 2.1 2.2 Лебединовская ГЭС