Аламүдүн кум-шагыл кени

Википедия дан

Аламүдүн кум-шагыл кени Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Фрунзе т. ж. бекетинен 5 км, Аламүдүн суусунун боюнда. 1933-ж. табылган. 1954-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин чөкмө тектери жайгашкан. Кен Аламүдүн суусун бойлой жайгашып, аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Калыңдыгы 5–5,5 м. Гранулометриялык курамы: 5 мм – 16,8%, 5-8 мм – 48,1%, андан кесеги 75,1%. Көлөмдүк салмагы 2,34, майдалануу коэффициенти 1,22. Шагыл таштардан «350» маркасындагы бетонду даярдаса болот. Кумду арасындагы чоподон арылтып жуугандан кийин пайдаланууга сунуш кылынат. Запасы «А» категориясы боюнча 1889 миң м3. Кен казылып алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]