Аламүдүн минералдуу суусу

Википедия дан

Аламүдүн минералдуу суусу дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Бишкек шаарынан 30 км. түштүк тарапта, Аламүдүн суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы минералдуу суулары чыгуучу зоонада жатат. Палеозой заманынан башталышында пайда болгон граниттердин арасындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине булак түрүндө чыгат. Дебити 5–7 л/сек. Суу өзүнүн химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,4–0,8 г/л), азоттуу (98%), гидрокарбонат-сульфат кальций-натрийлүү терм сууларына кирет. Суунун температурасы 20°–30°, түссүз, жытсыз жана даамсыз, курамында бир аз барий, стронций, марганец, молибден, висмут, вольфрам, жез бар. Суунун дарылык касиеттеринин бири анын курамында кремний кислотасынын (30–50 мг/л) болушунда. Муун, ашказан, нерв, гинекология ооруларына пайдаланууга болот. 1997-жылдан баштап суу бөтөлкөлөргө куюлуп сатылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]