Алан Рикман

Википедия дан

Алан Сидней Патрик Рикман (англ. Alan Rickman; 1946-жыл 21-февраль — 2016-жыл 14-январь) — англиялык актер жана режиссер болгон. Ал сахнада жана экранда аткарган ролдору менен таанымал. Рикман Лондондогу Королдук драматикалык искусство академиясында билим алган. Заманбап жана классикалык театралдык өндүрүштөргө катышуу менен Королдук Шекспир компаниясынын мүчөсү болгон. Анын теледеги алгачкы ири эмгеги 1982-жылы жарык көргөн. Бирок ал 1985-жылдагы "Les Liaisons Dangereuses" спектаклине байланыштуу узак мөөнөттүү тыныгуу алган жана ал үчүн "Тони" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Рикман "Оңой менен өлбөгөн" (англ. Die Hard) тасмасында Ханс Грүбердин жана "Гарри Поттер" (англ. Harry Potter) сериясындагы тасмаларда Северус Снэйптин образдарын жаратуу менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө тарткан.

Рикман "Робин Гуд: Уурулардын ханзаадасы" (англ. Robin Hood: Prince of Thieves), тасмасында тартылып, "БАФТАнын" "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамын алган. "Чын дилден, Акылдан адашкан, Терең" (англ. Truly, Madly, Deeply), режиссер Эң Линин "Акыл жана сезим" (англ. Sense and Sensibility), "Распутин: Тагдырдын түнт кызматкери" (англ. Rasputin: Dark Servant of Destiny) тасмаларында образдарды жаратып, "Алтын глобустун", "Эмминин" жана "АКШ киноактерлер гилдиясынын" сыйлыктарына татыган. "Чыныгы сүйүү" (англ. Love Actually), "Аябай чоң окуя" (англ. An Awfully Big Adventure), "Эмми" сыйлыгына татыган "HBO" компаниясынын "Жараткандын жасаганы" (англ. Something the Lord Made), "Галактиканы издеп" (англ. Galaxy Quest) жана Стивен Сондеймдин "Флит көчөсүндөгү жин чачтарач" (англ. Sweeney Todd: The Demon Barber of Fleet Street) мюзиклинин ылайыкташтырылган версиясында тартылган.

Рикман өсмө илдетинен 2016-жылдын 14-январында 69 жаш курагында көз жумган. Ал жараткан акыркы образдарына "Асмандагы көз" (англ. Eye in the Sky) триллер тасмасындагы лейтенант Фрэнк Бенсондун ролу жана "Алиса күзгүнүн ичи аркылуу" (англ. Alice Through the Looking Glass) кинофильминдеги көпөлөк курт Абсолемдин үнү кирет.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]