Алатамак

Википедия дан

Алатамак - кыз-келиндер көкүрөгүнө тагынган баалуу кооздук буюм. Акак, шуру, бермет, тор, сайма, курак, чачы, оймо ж.б-ды бири-бирине айкалыштыра колдонуу м-н жасалган. А-тын асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюусу болот. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынат. 19-к-дын аягы 20-к-дын башына чейин мындай кооздукту кыргыздын кыз-келиндери кеңири пайдаланышкан. Учурда алатамак асем буюм катары өтө сейрек кездешет. Ушул сыяктуу кооздук хакас элинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган (аны «пого» деп аташат).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1