Алачык

Википедия дан

«Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги» (макал). Боз үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. Боз үйдүн кичинеси бул алачык түндүк менен ууктан турат. Тактап айтканда, түндүктүн көзүнө өткөрүлгөн ууктун башын жерге саят. Уукту сайып бүткөндөн кийин, «тизгич» тизилет да, сыртынан үзүктү, түндүк жабуусун жабат. Анын эки этеги эшик жабуулук милдетти аткарат. Буга от жагылат. 2) Ит арка — алачыктын дагы бир түрү. Аны «сойломо» деп аташат. Убактылуу жашоо үчүн канат керегенин башын кайчылаштырып кошулат. Үстүнө кийиз салганда алды-арты ачык калат. Аны башка кийиз, таар менен жабат, буга от жагылбайт. Алачыктардын бул түрлөрүн жоокерчилик турмушта, же көчүп-конууда, ара жолдо шашылыш эле тиге коюшкан. Муну «Куш күйүткө» чыккандар, жылкычылар, койчулар, жатакчылар көп колдонушкан. Алачык айрым жерлерде «кеп», «ак тигер», «тигертмек» деп да айтылат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)