Алашаев Жамшид

Википедия дан

Алашаев Жамшид 1927-жылы Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

  1. 1939-жылдан латын тамгасы менен билим алып, экинчи классты аяктаганда, Улуу Ата Мекендик согуш башталып, окуусун таштап, Токсонов Сыргабай башкарма болуп турган «Сары-Булак» колхозунда, 15 жашынан соко кармап иштей баштаган.Согуш учурундагы, андан кийинки жылдардагы чарбадагы оор кыйынчылыктарды жоюуда эбегейсиз чоң, өз салымын кошкон.
  2. 1949-жылы үйлөнүп, 5 кыз 8 уулду тарбиялап чоңойтушуп, ошондон ушул күнгө чейин дыйканчылыкта, шахтада, мал чарбасында тынымсыз, үзүрлүү эмгектенип, эл сыйлаган, айылда кадыр-баркы жогору болгон айыл аксакалы.
  3. Кайсыл тармакта эмгектенсе да өзүнүн жоопкерчиликтүү адам экенин көрсөтүп, кылган эмгектери бааланып, бир канча медал жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3