Алашан, урук

Википедия дан

Алашан уругу - каңды уруусунун курамындагы урук[1].

Алаш+н;

  • Алаша - сулуу, татынакай, келбеттүү; -н мүчөсүн бир катар изилдөөчүлөр байыркы түрк тилдеринде көптүк маанини түшүндүрөрүн белгилешет[2]. Бул мүчө бурят-монгол тилдеринде да көптүк маанини билдирген сөздөрдү (этнонимдерди) жасоого катышат. Мисалы, долон (жети), найман (сегиз), дөрбөн (төрт), сойон

ж.б.у.с.,

  • Алашань - Батыш Кытайдагы тоо кыркалардын аталышы катары да белгилүү[3]. Кыргыздар байыртадан Алашан, Тибетке чейинки аймактарды мекеңдеп келишкени белгилүү. Муну көптөгөн топонимдер, гидронимдер (суу аталыштары), оронимдер (тоо аталыштары), ошондой эле булар жөнүндө абройлуу изилдөөчүлөрдүн эмгектериндеги маалыматтар айгинелей алат. Мүмкүн, этнонимдин келип чыгышында бул тоо кыркаларынын аталышынын, топоэтнонимдин таасири болушу ыктымал.

Учурда, Ноокат районунун аймагында Алашан атуу айылдын аталышы белгилүү[4].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Атгокуров, 208.
  2. Кононов, 1949, №1, 81; Котвич, 1962,336; Серебренников., Гаджиева,1973, 89.
  3. Владимирцев, 1934, 189.
  4. СГНК, 1988,23.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]