Алаш, урук

Википедия дан

Алаш уругу - моңолдор уруусунун курамындагы урук жана орто кылымдардын соңку мезгилдеринен белгилүү болгон ири этникалык аталыш.

Айрым элдер казак, алчын, ногойлорду өз энчилүү аттарынан сырткары, “алаш” деп аташкандары маалым. Айрым санжыра маалыматтарында алаш бүгүнкү казактардын түпкү болмуш атасы катары чагылдырылат[1]. Казактын алгачкы тарыхчыларынын бири М. Тынышпаевдин белгилөөсүндө Алтайдагы Алаш топоними ногойлордо аскер урааны катары да маалым болгон[2]. Бул параллелдер "Ногайлы" доорундагы түрк тилдүү көчмөн уруулар менен кыргыздардын этникалык алакаларын айгинелейт. Этнонимдин параллелдери түркмөндөрдүн жана казактардын уруулук курамында “алаша” формаларында белгилүү[3].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Аристов, 1896, 363; Тынышпаев, 1925,54-55.
  2. Тынышпаев,1925, 54-55.
  3. Атаниязов, 1988, 20; Жанузаков, 1982,165.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]