Алаш Ордо

Википедия дан

«Алаш Ордо» - 1917-20-ж. Алаш казак улуттук автономиясынын өкмөтү. «Алаш Ордо»(Улуттук Кеңеш) 1917-ж. 5-13-декабрда өткөн экинчи жалпы казак курултайында «Алаш» партиясы тарабынан түзүлгөн. Съездде каралган 10 маселенин ичинен эң маанилүүсү Алаш автономиясын түзүү ж-а анын өкмөтүн дайындоо болгон. «Алаш Ордо» өкмөтүнүн курамында 25 мүчөсү болуп, 10 орун казак-кыргыздардын арасында жашаган башка калктарга берилген, төрагалыгына А. Бөкейханов шайланган. Анын негизги милдети катары Россияда жеңишке жетишкен социалистик революциядан Казакстанды коргоо болгон. «Алаш Ордо» антисоветтик күчтөр м-н жакындашууга аракеттенип, атаман Дутов м-н байланыш түзүшкөн. Жарандык согушта жеңишке жеткен Совет өкмөтү «Алаш» партиясы м-н «Алаш Ордо» өкмөтүн тараткан. Убагында Совет өкмөтү тарабынан Алаш козголоңуна катышкандарга кечирим берилгенине карабастан, алар кийин сталиндик репрессиянын курмандыгы болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1