Ала-Арча чопо кени

Википедия дан

Ала-Арча чопо кени – Түндүк Кара-Суу участогу Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Төмөнкү Ала-Арча кыштагынан 1,5 км түндүк тарапта, Ала-Арча суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 688–697 м бийиктикте. Кен 1927-ж-дан белгилүү. 1933–55-ж. ортосунда мезгил-мезгили менен “Средазгеолнеруд” трести, 1984–86-ж. Курулуш материалдарын өндүрүү министрлиги тарабынан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын боз, күңүрт сары түстөгү лёсс сымал кумайлуу топурак жана анын арасындагы шагылдуу кум линзаларынан турган антропоген мезгилинин дарыя чөкмөлөрү түзөт. Кумайлуу топурак катмарларынын жалпы калыңдыгы 43 м, анын чалгындалганы 4–8 м. Кумайлуу топурактын гранулометриялык курамында өлчөмү 0,005 ммге чейинки бөлүкчөлөр 2,8–27,6%, 0,005-0,05 мм - 56,1–92%, 0,05–1 мм 10,8–16,78%, 1–7 мм–0,291–1,8%. Аянты 52 га жерде кендин запасы В+С1 категориясы боюнча 3,8 млн м3 (1986). 1996-жылга карата калган запасы В категориясыбоюнча 1180 миң м3, С1–2258 миң м3, В+С1–3438 миң м3. Карьер түрүндө казылып алынган кумайлуу топурактан Бишкектеги “Красный строитель” кирпич з-дунда “75–150” маркасындагы кирпич даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]