Ала-Көл

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ala-Köl.jpg

Ала-Көл - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы көл. Каракол өрөөнүнүн оң капталындагы кууш коктуда жайгашкан. Узундугу 2,8 км, эң жазы жери 600-700 м. Аянты 1,5 км дей. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 3532 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн агып чыккан чакан өзөн көлдү толуктап турат. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Көл суусу бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгып, Каракол суусуна куят.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1