Ала-Тоо (журнал)

Википедия дан
Ала-Тоо журналы‎»‎ барагынан багытталды)

Ала-Тоо журналы – келген адабий-көркөм, коомдук саясий журнал айына 1 жолу чыккан. Кыргызстан жазуучулар союзу менен Маданият министерствосунун органы болгон.

Журнал адегенде (1931) «Чабуул» деген ат менен чыгып, биринчи редактору А. Токомбаев болгон. 1933-жылдан журнал «Кыргызстан кеңеш адабияты», 1935-ж. «Кыргызстан совет адабияты», 1938-ж. «Ала-Тоо», 1939–42-жылдарда «Советтик адабият жана искусство», 1942–56-жылдарда «Советтик Кыргызстан» деп аталып, 1956-жылдан тартып кайра «Ала-Тоо» деген ат менен чыга баштаган.

Журнал кыргыз совет адабиятынын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор көмөк көрсөткөн. Кыргыз адабиятындагы бардык көрүнүктүү чыгармалар алгач ирет ушул журналга жарыяланган. Ал өз окуучуларын орустун жана дүйнөлүк классиктердин чыгармалары менен да тааныштырып турган. «Ала-Тоо» журналы кыргыз совет адабиятынын чечилбеген актуалдуу маселелерине арналган адабий сын макалаларын, айыл чарбадагы, өнөр жайдагы өндүрүштүн алдыңкыларынын күжүрмөн эмгегин чагылдырган очерктерди, публицистиканы үзбөй жарыялап келген. Журналда «Адабий сын», «Жаш калем», «Жаңы котормо», «Адабият таануу», «Достор үнү», «Биздин календарь» деген рубрикалардын алдында ар түркүн макалалар жарыяланган.

Ошондой эле караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонгон адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шериев Ж.. Муратов А. Адабият. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994