Алгара

Википедия дан
Б. Жумабаев. Алгара.

Алгара Коңурбайдын тулпары. Эпостогу эң бир күлүк,куугунга жеткизбеген, кууганына жеткен тулпар. Өзүнүн өзгөчө күлүктүгү менен Коңурбайды нечен жолу ажалдан куткарган. Аккула да жетпей калган учурлар болгон.

Семетейде Коңурбай менен чогуу өлөт. Кээбир учурларда кара ат деп сыпатталат.

Коңурбайдын кара аты,
Кара атынын бар эле
Капталында канаты.
Качан болсо куугунга,
Жеткизбеген адаты.
Алгара чындап чуркаса,
Закым түгүл чаң жетпейт.
Канатту куш болбосо,
Мындан башка мал жетпейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]