Алгачкы айкаш

Википедия дан

«Алгачкы айкаш» — «Манас» сериялары» деген наам менен жарык көргөн китепче (Фр., 1942). Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча басмага даярдаган Ж. Бейшекеев, жооптуу редактору А. Токомбаев. Көлөмү 2644 сап ыр, 98 бет. Азыркы арип менен басылган. Китептин аягында көөнө сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. «А. а.»— эпостогу поэтикалык жактан эң күчтүү сүрөттөлгөн туруктуу салттык окуялардын бири. «Чоң Казаттын» үзүндүсү. Китепче композициялык жактан бир бүтүн чыгарма катары «Алмамбет менен Сыргактын кытайдын колу менен беттешкени» деген темада чоң окуянын башталышы катары айтылат. Окуя жылкы тийүүдөн башталып, Коңурбай жылкысын ажыратып алуу үчүн Алмамбет, Сыргактардын артынан көп жолу кол менен кууп келип, алар менен беттешкенинен тартып ооруктагы кыргыз колуна кабар жетип жардамга келгенге чейинки кагылыштар баяндалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4