Алгачкы кыргыз китепканасы

Википедия дан

Кыргызстандагы алгачкы элдик китепкана 1902-ж. 14-майда Караколдо ачылган. Китеп фондусу 1000 китеп болгон.

1916-ж. 15-июлда Бишкекте коомдук китепкана ачылган. Республикадагы алгачкы балдар китепканасы 1934-ж. 27-сентябрда иштей баштаган. Китепкана фондусу 4 мин нуска китептен турган. 1-республикалык китепкана 1934-ж. 10-майда Бишкек борбордук шаардык китепканасын жана Совнаркомдун (илимий) китепканасын бириктирүү жолу менен түзүлгөн. 1934-ж. августта китепкананын ачылышы болгон. 1938-ж. анын китеп фондусунун базасында Н. К. Крупская атындагы борбордук шаардык жана мамлекеттик китепканалар түзүлгөн.