Алдан дарыясы

Википедия дан
Алдан
ОМСР 18030600112117300000011

Алдан дарыясы - Якутиядагы дарыя, Ленанын оң куймасы. Узундугу 2273 км, алабынын аянты 729 миң км2.Становой кырка тоосунан башталып, Алдан тайпак тоосу, Верхояна кырка тоосунун түштүк этеги аркылуу агат. Негизги куймалары: Тимптон, Учур, Мая, Аллах-Юнь (оң), Амга (сол). Орточо чыгымы 5110 мъ/сек. Май - июлда кирип, август - сентябрда ташкындайт. Октябрдан майга чейин тоңот. Чатынан 1753 кмге чейин кеме жүрөт, балык (осетр, стерлядь) кармалат. Башкы пристандары: Томмот, Усть-Мая, Хандыга.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1