Лена дарыясы

Википедия дан
Лена дарыясы
Мүнөздөмө
Узундугу 4 400 км
бассейндин аянты 2 490 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 18030900112117500000010, 18030300212117200000003 и 18030700112117400000000
Лена.

Лена дарыясы (якутча Улахан-Юрях – чоң дайра) – Чыгыш Сибирдеги дарыя, Иркут облусу менен Саха Республикасынын аймагында. Узундугу 4400 км, алабынын аянты 2490 миң км2. Байкал кырка тоосунан башталып, Лаптевдер деңизине куярда чоң дельтаны (аянты 30 миң км2дей) пайда кылат. Жогорку агымында (Витимдин чатына чейин) кууш өрөөн аркылуу агып, төмөнкү агымында 30 кмге чейин кеңеет. Жээги Якутск шаарына чейин бийик, аскалуу; андан төмөн ойдуңдуу. Негизги куймалары: Нюя, Вилюй (сол), Киренга, Витим, Олёкма, Алдан (оң). Лена негизинен кар (жылдык агымынын 50%и) жана жамгыр сууларынан куралат; кыртыш сууларына 1–2% туура келет. Суусунун деңгээли ортонку агымында 10–15 мге, төмөнкү агымында 18 мге көтөрүлөт. Лена суусунун молдуулугу боюнча КМШнын аймагында Енисейден кийинки 2-дарыя. Орточо чыгымы 17 000 м3/сек, эң көбү 200 000 м3/сек, эң азы 366 м3/сек. Жазында кирип, жайында жаан-чачындан ташкындайт. Жылына деңизге 12 млн тоннага жакын шиленди агызып келет. Жогорку агымы октябрдын аягынан майдын ортосуна, төмөнкү агымы октябрдан июндун башына чейин тоңуп, муз эригенде үйөр пайда кылат. Ленанын куймаларына Вилюй, Мамакан ГЕСтери курулган. Алабы кен байлыкка бай: алтын (Витим, Алдандын алаптарында), алмаз (Вилюй), ошондой эле көмүр (Лена, Түштүк Якут бассейндери), газ, темир, слюда, туз жана башка. Качуг шаарчасынан чатына чейин (4125 км аралыкка) кеме жүрөт. Навигация жогорку агымында 160 суткага, төмөнкү агымында 120 суткага созулат. Жайында эң кооз жерлерине туристтик рейстер уюштурулат. Дельтасында Усть-Лена коругу бар. Балык (муксун, Сибирь ряпушкасы, нельма, омуль, хариус жана башка) кармалат. Ленанын суусун булгаган негизги заттар – нефть продуктулары, фенол, темир, жез, цинк. Негизги порттору жана пристандары (башатынан чатын карай): Качуг, Жигалово, Уст-Кут, Марково, Киренск, Витим, Пеледуй, Ленск, Олёкминск, Покровск, Якутск, Нижний Бестях, Сангар, Жиганск, Быковский.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7