Вилюй

Википедия дан
Вилюй
Мүнөздөмө
Узундугу 2 650 км
бассейндин аянты 454 000 км²
Суу агымы
Аягы Лена дарыясы
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Якутия
ОМСР 18030800112117400003664
Вилюй.

Вилюй (якутча Билю) – Якутиядагы дарыя; Ленанын сол куймасы. Узундугу 2650 км, алабынын аянты 454 миң км2. Ортоңку Сибирь бөксө тоосу жана Борбордук Якут түздүгү аркылуу агып өтөт. Чернышевский кыштагы тушта ГЭС жана суусактагыч курулган. Негизги куймалары: Чона, Улахан-Ботуобуя, Оччугуй-Ботуобуя (оң), Ыгыатта, Марха, Тюнг (сол). Орточо чыгымы 1480 м3/сек. Октябрдын ортосунан майдын орто ченине чейин тоңот. Чатынан 1371 кмге (суусактагычтан суу коё берилгенде Чернышевский кыштагына чейин) кеме жүрөт. Балык (осётр, таймень, ленок, нельма, чир) кармалат. Башкы порттору: Чернышевский, Нюрба, Вилюйск.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]