Алдын ала чаралар

Википедия дан

Алдын ала чара – эл аралык укукта мамлекеттердин коомчулугу тарабынан БУУнун Уставынын негизинде колдонулуучу жана тынчтыкка коркунучту, тынчтыкты бузууну жана баскынчылык актысын алдын алууга багытталган жамааттык чаралар. БУУнун УставындаАлдын ала чаралардын 2 түрү көрсөтүлгөн: куралдуу күчтөрдү колдонууга байланышпаган чаралар (экономикалык мамилелерди, темир жол, деңиз, аба жана башка каражаттардын катнашын толук же жарым-жартылай токтотуу, ошондой эле дипломаттык мамилелерди үзүү) жана БУУга мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн колдонуу чаралары. Мындай чаралар тууралуу чечимдер БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан, бир добуштан принцибинин негизинде гана кабыл алынат[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7