Алдыңкы педагогикалык тажрыйба

Википедия дан

Алдыңкы педагогикалык тажрыйба - таалим-тарбия чөйрөсүндөгү өздөштүрүлгөн билимдин жана методикалык ыкмалардын жыйындысы. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбанын жардамы менен үлгүлүү натыйжаларга жетишип, жаңы, прогрессивдүү өнүгүүгө негиз түзүлөт. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны кеңири колдонуу таалим-тарбия ишин терең илимий негизде иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга шарт түзөт. Аны ар тараптан талдоо, жалпылоо жана кеңири жайылтуу социалдык жана педагогикалык орчундуу милдеттерди чечүүгө негиз болот. Топтолгон алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны терең окуп-үйрөнүү, анын табылгаларын айкындоо менен таалим-тарбиялык иштин жогорку таасирдүүлүгүнө жетүү жолдорун аныктоо, аны чыгармачылык менен колдонууга киргизүү маанилүү талаптардан болуп саналат. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбага ээ болгон коллективдин жана адамдардын иши атайын маалымат булактары, илимий иликтөөлөр, жаңычыл педагогикалык идеялардын көргөзмөсү жана лекторийлери өз ара тажрыйба алмашуу ж. б. аркылуу кеңири жайылтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1