Александр Василевский

Википедия дан

Василевский Александр Михайлович (15(28). 6.1895 Кострома губерниясы, Жаңы Гольчиха кыш. 5.12.1977, Москва) - советтик аскер ишмери, Советтер Союзунун Маршалы (1943), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1945). Кострома диний семинариясын (1914), Алексеев аскердик окуу жайын (1915), Генштаб академиясын (1937) бүтүргөн. Биринчи дүйнөлүк согушта взвод, рота командири, штабс-капитан. 1917-22-жылы Кызыл Армиянын катарында взвод, рота, батальон командири, полк командиринин жардамчысы болгон. 1920-жылдагы совет-поляк согушунун катышуучусу. 1920-36-жылы Кызыл Армияда командалык жана штабдык кызматтарда, 1940-жылдан Генштабдын Оперативдүү башкармалыгынын начальнигинин орунбасары, начальниги, 1942-жылдан Генштабдын начальниги, октябрь айынан бир эле учурда СССР Коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Жогорку Башкы командачынын тапшырмасы боюнча Сталинград (1942-43), Курск (1943) салгылаштарында жана башка бир катар ири согуштук операцияларды коордпнацпялаган. 1945-жылы февралда Жогорку Башкы командачынын Ставкасына киргизилип, 3-Белорус фронтунда командачы, Чыгыш Пруссияны жана Кёнигсберг шаарын алуу операциясын пйгиликтүү жүргүзгөн. 1945-жылы Ыраакы Чыгыштагы Советтер аскерлерге Башкы командачы болуп совет-япон согушуна катышкан. 1946-жылдан Генштабдын начальниги, СССРдин Куралдуу Күчтөр мпнпстрпнпн орунбасары, 1949-53-жылдарда Аскер министри, 1953-56-жылдарда СССР Коргоо министринин биринчи орунбасары, 1956-57-жылы Коргоо министринин аскер илими боюнча орунбасары. 2 Жеңиш, 8 Ленин, 1-даражадагы Суворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]