Алексей Алексеевич Абрикосов
Алексей Алексеевич Абрикосов (1928-жыл 25-июнь, Москва - 2017-жыл 29-март Пало-Алто, АКШ) - советтик, орусиялык жана америкалык физик-теоретик. ОИАнын академиги (1987-жылдан тартып СССР ИАнын академиги, 1964-жылдан тартып мүчө-корреспонденти), физико-математика илимдеринин доктору. Физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (2003-жыл).
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Абрикосов Физикалык маселелер институтунан тажрыйбачы-физик Николай Заварицкий (1952-1997) менен биргеликте Гинзбург-Ландау теориясын текшерип жатып, "үстөк өткөргүчтөрдүн II түрү" деп аталган үстөк өткөргүчтөрдүн жаңы классын тапкан. Үстөк өткөргүчтөрдүн бул түрү I түрдөгүлөрдөн айырмаланып, күчтүү магнит талаасында да өзгөчөлүктөрүн жоготпойт (25 Тлга чейин). Абрикосов бул өзгөчөлүктү кесиптеши Виталий Гинзбургдун оюн өнүктүрүп, шакек токтор менен курчалган магниттик тилкелердин туруктуу торунун болушу менен түшүндүргөн. Мындый түзүлүш "Абрикосовдун куюн тору" деп аталат.
Абрикосов ошондой эле суутек планеталардын ичинде суутектин темир фазасына өтүшү, жогорку кубаттардын кванттык электродинамикасы, жогорку жыштыктуу талаалардагы жана магниттик кошулуулардагы үстөк өткөрүүчүлүк (муну менен бирге бекитүү тилкесисиз үстөк өткөрүүчүлүк мүмкүнчүлүгүн ачкан) үстүндө иштеген. Спин-орбиталдык аракеттешүүнү эске алып, төмөнкү температуралардагы Найт жылмышуусун түшүндүрө алган. Башка изилдөөлөрү үстөк агуучу 3Не теориясына жана жогорку басым алдындагы заттарга, жарым металлдарга жана металл-диэлектриктерге, төмөнкү температуралардагы Кондо эффектине (мында Абрикосов-Сул резонансын алдын ала айткан) жана бекүү тилкесисиз жарым өткөргүчтөргө арналган. Башка изилдөөлөрү бир өлчөмдүү же бир өлчөмдүү сындуу өткөргүчтөргө жана спин айнектерине багытталган.
Н.Б. Брант, Е.А. Свистов жана С.М. Чудиновдор менен бирге "Магниттик талаадагы фазалык алмашуулар кубулушу" атту ачылыш жасаган. Бул ачылыш приоритет менен 1967-жылы 25 июнда СССРдин мамлекеттик ачылыштар реестрине киргизилген.
Улуттук Аргон лабораториясында курпаттын негизинде жогорку температуралуу үстөк өткөргүчтөрдүн көпчүлүк өзгөчөлүктөрүн түшүндүргөн жана 1998-жылы эң алгач 1928-жылы П. Капица тарабынан өлчөнүп, бирок, эч качан өз алдынча эффект деп каралбаган жаңы эффект ачкан (сызыктуу квант магниттик каршылык эффекти).
2003-жылы В.Л. Гинзбург жана Э. Леггет менен чогуу "үстөк өткөргүчтөр жана үстөк агымдуу суюктуктар боюнча негиз салуучу эмгектери" үчүн "Нобель" сыйлыгын алган. Ал өзү "Мен Орусияда жашап турганда жетишинче кыйналдым. Ошондуктан бул сыйлыктын Американын атына эсептелгени мен үчүн сыймык. Мен буга сыймыктанам." - деп мойнуна алган.
"Теориялык жана математикалык физика", "Жогорку температуралуу үстөк өткөргүчтөр боюнча талдоо" журналдарынын жана "Квант" ("Наука" басмасы) библиотечкаларынын редакциялык коллегияларына мүчө болгон.